• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Соцфонд: Он айда 6 миңден ашуун арыз жана кайрылуу түштү

Коом 0

Бишкек, 18.11.21. /Кабар/. Социалдык фонддун жарандардын кайрылуулары менен иш алып баруу бөлүмүнө 2021-жылдын январь-октябрь айларында 6 миң 78 арыз жана даттануу кайрылуулар келип түшкөн.

Соцфонддун басма сөз кызматынан билдиришкендей, анын ичинен:

жазуу турундө кайрылуулар - 508;

ооз эки кайрылуулар - 505;

электрондук кайрылуулар - 189.

2021-жылдын январь-октябрында келип түшкөн мамлекеттик социалдык камсыздандыруу жана пенсия менен камсыз кылуу жөнүндө маселелери боюнча толук түшүндүрмө берилди жана жарандардын жазуу жүзүндөгү (электрондук, оозеки) кайрылуулардын тематикасы боюнча төмөнкү багыттарда суроолор келип түшкөн:

пенсиялардын өлчөмдөрүн жогорулатуу жөнүндө;

мамлекеттик социалдык камсыздандыруу жөнүндө;

пенсияларды индексациялоо тууралуу;

пенсияга укугу боюнча;

пенсия чектөө, пенсияларды өз убагында төлөө жана туура эсептөө тууралуу;

пенсиянын топтоо бөлүгүндө пенсиялык топтоолорун чектөө жана төлөө жөнүндө.

Ошондой эле Социалдык фонддун жетекчилиги тарабынан 58 жаран өздөрүнүн кабыл алуусунда болду жана кабыл алууда болгон суроо-талаптарына тиешелүү чаралар көрүлдү.

Андан тышкары, Социалдык фондунун 54-33-16, 57-66-67 “Ишеним телефону” жана 0555 64-04-16 “Уюлдук ишеним телефону” аркылуу мамлекеттик жана расмий тилде мамлекеттик социалдык камсыздандыруу жана пенсия менен камсыз кылуу чөйрөсүндө жеткиликтүү оозеки түшүндүрмөлөр берилип келүүдө.

2021-жылдын январь-октябрында 4 миң 819 чалуу ишеним телефон аркылуу келип түшкөн.

Пикир

Оставить комментарий