• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Соцфонддун колл-борборуна 7 айда 11,6 миңден ашуун кайрылуу түшкөн

Коом 0

Бишкек, 03.08.22. /Кабар/. Социалдык фонддун колл-борборуна январь-июль айларында 11 миң 681 кайрылуу түшкөн. Бул тууралуу фонддун басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, фонддун колл-борбору аркылуу социалдык камсыздандыруу, пенсиялык камсыздоо жаатындагы маселелер боюнча 1202 кыска номери аркылуу толук түшүндүрмөлөр берилүүдө.

2022-жылдын июль айында Соцфонддун колл-борборуна 1423 кайрылуу келип түшкөн, анын ичинен 1216 кирген жана чыккан чалуулар.

Андан тышкары, онлайн-офлайн режиминде сайт аркылуу 207 электрондук кайрылуу келип түшкөн.

Социалдык фонддун колл-борборуна кайрылуулардын басымдуу бөлүгү камсыздандыруу төгүмдөрдү төлөөчүлөрдөн, иштебеген жарандардан, чет өлкөлүк жарандардан, пенсионерлерден жана иштеген пенсионерлерден келип түшөт.

Пикир

Оставить комментарий