• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Социалдык кызматкерлер апасы чоң энесинен күчтөп алып кеткен балага барышты

Аймак 0

БИШКЕК, 18.08.17. /Кабар/. Кара-Кулжа жана Кара-Суу райондук Социалдык өнүктүрүү башкармалыгынын үй-бүлө жана балдарды колдоо бөлүмүнүн кызматкерлери кечээ чоң энесинен алып кетип калышкан Акжол аттуу балага барышты. Бул тууралуу КР Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Белгиленгендей, сүйлөшүүнүн жүрүшүндө Акжол өзү апасы Э.Таштутова, иниси Адилхан жана эжеси Аида менен жашаганды каалай турганын айткан.

Эмнеге өзүн мындай алып жүргөнүн сураганда, Акжол эгер ал чоң энесинен кетип калса, ал өлүп каларын айтканын билдирген. Министрликтин кызматкерлери баланын апасы Эля Таштутова балдарды чоң апасы менен катыштырууга каршы эмес экенин белгилешкен.

Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министрлигинин үй-бүлө жана балдарды коргоо башкармалыгынын жетекчиси Жаңыл Жумабаева баланы апасына берүү тууралуу соттун чечими бар экенин кошумчалады.

“Бизге белгилүү болгондой, Акжолдун апасы бир нече жыл мигрант болуп жүргөн. Бул учурда аны чоң апасы баккан. Бир нече жолу баланы алып кетүүгө аракет жасашканы менен кайненеси баланы өз энесине бербей койгон. Ошондуктан сотко кайрылууга туура келди. Учурда апасы Кара-Суу районунда жашайт. Жеке ишкерлик менен алектенет. Балдарын өзү бакканга мүмкүнчүлүгү бар. Белгилей кетсек, мыйзам боюнча бир туугандар биологиялык үй-бүлөсүндө бирге жашашы керек”, - деп белгиледи ал.

Пикир

Оставить комментарий