• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Мураталиев Таласта коронавирустан каза болгон жаран туурасында айтып берди

Аймак 0

Бишкек, 24.06.20. /Адил Төлөгөнов – Кабар/. Талас облусунда 68 жаштагы эркек киши коронавирустан каза болуп калган. Бул тууралуу өкмөттүн Талас облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Марат Мураталиев брифингде билдирди.

Анын айтымында, коронавирустан каза болгон жаран илдетти биринчилерден болуп жуктурган адамдардан болгон. "Ал жаран, анын баласы жана жубайынан илдет катталып, жугуштуу оорулар ооруканасына жаткырылган. 68 жаштагы эркек киши өзүнүн жубайына тынчсызданып жаткан, бирок өзүнүн кошумча оорусу (кан басым) күчөп кеткен. Дарылануусуна карабай каза болуп калды", - дейт ал.

Эскерте кетсек, 22-июнда саламаттык сактоо министри Сабиржан Абдикаримов брифингде Талас облусунда коронавирустан бир жаран каза болгонун билдирген.

Белгилей кетсек, 24-июнга карата Кыргызстанда коронавирус илдетин жуктурган 3726 учур катталды. Алардын ичинен 629у медицина кызматкери. Илдеттен 2082 жаран айыкса, коронавирус жуктурган 42 адам каза болду

Пикир

Оставить комментарий