• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Ысык-Көл районунун акими Абдрахманов айыл аймагынын эли менен жолугуп, көйгөйлөрүн укту

Аймак 0

Бишкек, 24.02.22. /Кабар/. Бүгүн, 24-февралда Ысык-Көл райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы-аким Калыбек Жумадылов Ысык-Көл районунун Абдрахманов айыл аймагынын эли менен жолукту. Бул тууралуу акимчиликтин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, айыл эли менен жолугушууга райондук мекеме жетекчилери да катышты.

Жолугушууда айыл аймактын тургундарынын ар кандай көйгөйлөрү, алардын ичинен жер, үрөн, социалдык маселелер, ирригация, таза суу маселелери жана жеке жарандардын кайрылуулары көтөрүлдү.

Айтылган маселелерди чечүү боюнча аким тарабынан тийиштүү жетекчилерге тапшырмалар берилди.

Пикир

Оставить комментарий