• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Спорт боюнча мамагенттиктин жаңы директору кызматтык унаа жана айдоочудан баш тартты

Коом 0

Бишкек, 21.10.20. /Кабар/. Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт боюнча мамлекеттик агенттиктин жаңы директору Канат Шабданбаев кызматтык унаа жана айдоочунун кызматынан баш тартты. Бул тууралуу аталган агенттиктин маалымат кызматы билдирди.

Директордун кызматтык унаасын техникалык тейлөөгө жана айдоочусунун эмгек акысына кеткен жылдык чыгымдар 200 миң сомдон ашат. Бул каражат мамлекеттик бюджетте калат.

Эскерте кетсек, өкмөт башчынын буйругуна ылайык, Канат Шабданбаев Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт боюнча мамлекеттик агенттиктин директору болуп дайындалган.

Пикир

Оставить комментарий