• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Спортчулар кыргызстандыктарды келе жаткан Жаңы жылы менен куттуктады

Спорт 0

Бишкек, 23.12.19. /Кабар/. Бүгүн, Бишкекте өлкөнүн мыкты спортчуларын сыйлоо аземи болуп өтүп, спортчулар мекендештерин келе жаткан Жаңы жылы менен куттуктап, каалоо-тилектерин жолдоп өттү.

Жалалидин Абдувалиев – Паратриатлон боюнча Азия кубогунун коло байгесинин ээси

- Баарын келе жаткан Жаңы жылы менен куттуктайм. Чын ден-соолук, үй-бүлөлүк бакыт каалайм. Спорт менен машыккыла.

Дарья Маслова – жөө күлүк, эл аралык марафондордун жеңүүчүсү. Токиодогу Олимпиадада Кыргызстандын намысын талашат

- 2020-жылы Олимпиада оюндарына катышкан спортчулар өзүн ийгиликтүү көрсөтө алсын. Ден соолук баарынан кымбат болгондуктан, кыргызстандыктардын баарына чын ден соолук каалайм. Ден соолук болсо баарына жетсе болот. Баарына бакыт каалайм.

Жоламан Шаршенбеков – дүйнө жана Азия биринчилигинин күмүш байгесинин ээси

- Кыргыз элиме тынчтык, бейпилдик каалайм. Ар дайым Кыргызстаныбыз жарык болуп жүрө берсин. Биз, спортчулар кыргыз желегин желбиретип жүрө берели. Келе жаткан Олимпиада жылыңыздар менен куттуктайм!

Бектуркан Кожомуратов - кыргыз күрөшү боюнча Азия чемпиону

- Сиздерди келе жаткан Жаңы жылыныздар менен куттуктайм. Жаны жыл ийгиликтердин жылы болуп, тынччылык болсун. Кыргыз спортчуларына ийгилик, талыкпаган мээнет каалайм. Оорубаңыздар. Ден соолук, токчулук болсун.

Улукбек Жолдошбеков – жаштар арасындагы эркин күрөш боюнча дүйнө чемпиону (2019)

- Кыргызстандыктарга келе жаткан 2020-жылы Токио Олимпиадасында ийгилик каалайм. Алтын медаль утушун каалайм. Кыргызстандардыктардын иштеринде ийгилик болсун. Эч качан артка кайтпай, алдыга умтула беришсин. Ынтымактуу болушсун.

Атабек Азизбеков – грек-рим күрөшү боюнча балбан, Токиодогу Олимпиадада Кыргызстандын намысын талашат

- Келе жаткан Жаңы жылыңыздар менен куттуктайм. 2020-жыл ар бир адам үчүн ооматтуу жыл болсун. Элибизге тынччылык каалайм. Баарынын ден соолугу чын болсун.

Пикир

Оставить комментарий