• 88.68
  • 95
  • 0.95

«Спутник V» вакцинасын Кыргызстанга жеткирүү жана өндүрүү маселеси талкууланды

Өкмөт 0

Бишкек, 11.06.21. /Кабар/. Кыргыз Республикасынын министрлер кабинетинин төрагасынын биринчи орун басары Айбек Жунушалиев Россиянын Кыргызстандагы элчиси Николай Удовиченкону кабыл алды.

Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар өз ара кызыкчылыкты туудурган маселелердин кеңири чөйрөсүн талкуулады.

Өзгөчө басым Баткен облусунда 2021-жылдын 28-30-апрелинде кыргыз-тажик мамлекеттик чек ара тилкесинде орун алган окуялардын натыйжасында жабыркаган чектеш айылдарды өнүктүрүү жана калыбына келтирүү, анын ичинде россиялык тараптын социалдык объектилерди куруу жана калыбына келтирүү ишине көмөк көрсөтүү маселесине жасалды.

Өз кезегинде Николай Удовиченко белгилегендей, Россия Федерациясы стратегиялык өнөктөш катары кыргыз тарапка колдоо көрсөтүүгө даяр, Баткен облусундагы курулуучу социалдык объектилердин тизмеси Россия Федерациясынын тийиштүү органдарынын кароосуна жөнөтүлгөн жана аталган маселе боюнча оңдуу чечим кабыл алынаарына ишеним билдирди.

Пикир алышуунун жүрүшүндө тараптар ошондой эле республикага «Спутник V» россиялык вакцинасынын кезектеги партиясын жеткирүү жана аны республика аймагында өндүрүүнү уюштуруу маселесин талкуулады.

Айбек Жунушалиев россиялык тарап пандемия шартында калктын кеңири бөлүгүн россиялык өндүрүштөгү вакцина менен камсыздоого көмөк көрсөтүүсүн улантаарына ишеним билдирди.

Жыйынтыгында министрлер кабинетинин төрагасынын биринчи орун басары Россия Федерациясынын Элчисин мамлекеттик майрамы – Россия күнү менен куттуктап, ага чың ден соолук жана ишиндеги ийгиликтерди каалады жана Россия Федерациясынын Өкмөтүнө ар тараптуу көмөгү жана колдоосу үчүн ыраазычылык билдирди.

Пикир

Оставить комментарий