• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Үстүбүздөгү жылдын 5 айында ИДП 6,8% өстү

Өкмөт 0

Бишкек, 23-июнь /Кабар/. Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Сооронбай Жээнбековдун төрагалыгы алдында бүгүн, 22-июнда, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн алдындагы бизнести жана инвестицияны өнүктүрүү боюнча Кеңештин кезектеги жыйыны өттү. Бул тууралуу Өкмөттүн маалымат кзыматы билдирди.

Жыйында бизнес-ассоциациясынын өкүлдөрү, мамлекеттик органдардын жетекчилери, Кеңештин мурдагы жыйынындагы чечимдеринин аткарылышы, Ош аймактык инвестициялык кеңештин ишмердүүлүгү, тышкы миграция чөйрөсүндөгү процедураларды либералдаштыру, түрдүү финансылык рыноктогу тейлөөлөргө байланыш операторлорунун мүмкүнчүлүктөрү, IT-билим берүү класстерин түзүү, авиа ташуу рыногун либералдаштыруу жолу менен өлкөдө жарандык авиацияны өнүктүрүү маселелерин талкуулашты.

Өкмөт башчы Сооронбай Жээнбеков белгилегендей, үстүбүздөгү жылдын 5 айында ИДП 6,8% өстү. Бул өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу жогору. Акыркы 4 айда сыртка экспорттоо 30,4% өскөн.

Сооронбай Жээнбеков ошондой эле бизнести жана инвестицияны өнүктүрүү боюнча улуттук кеңештин негизги максаты болуп, бизнес тармагындагы маселелерди талкуулоо жана жыйынтыгында чечим чыгаруу экенин, ал эми мамлекетик органдардын иши ата мекендик бизнесмендерге жагымдуу шарттарды түзүү экенин баса белгиледи.

Премьер-министр Сооронбай Жээнбеков жогорку квалификациялуу чет элдик жумушчуларды жумушка орноштуруу үчүн уруксат алуунун жөнөкөйлөштүрүлгөн жол-жоболорун колдонууга киргизүү сунушу өлкөнүн экономикасы үчүн маанилүү болуп саналарын кошумчалады.

Ал аталган чара өлкөдө инвестициялык мүмкүнчүлүктү жогорулатарын жана көп чет элдик инвесторлор үчүн бизнести жүргүзүүнү жөнөкөйлөштүрөрүн билдирди.

Ошондой эле Өкмөт башчы өзгөчө баса белгилегендей, уюлдук операторлорго өзүнчө юридикалык жакты түзбөй туруп түрдүү финансылык тейлөөлөр менен алектенишине уруксат берүү рынокто атаандаштыкка бирдей эмес шарттарды түзөт.

Сооронбай Жээнбеков эске салгандай, мамлекеттин негизги милдети түрдүү финансылык тейлөө рыногунда бирдиктүү эрежелерди түзүү болуп саналат.

Мындан тышкары премьер-министр белгилегендей, ИТ-тармагы өлкөнүн келечектүү тармактарынын бири болуп саналат жана Өкмөт аны өнүктүрүүгө өзгөчө көңүл бурат.

Талкуунун жыйынтыгында өлкөдөгү мамлекеттик органдардын ишкердик чөйрө менен болгон өз ара аракеттешүүсүнүн механизмдерин жакшыртууга багытталган Кеңештин жыйынынын бир катар чечимдери кабыл алынды.

Жыйында каралган маселелер боюнча Ишкердикти жана инвестицияларды өнүктүрүү боюнча Кеңештин катчысы Таалайбек Койчуманов, Өкмөттүн Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн орун басары Ахматжан Махаммадов, Чет элдик инвесторлор ассоциациясынын аткаруучу директору Искендер Шаршеев, Эл аралык ишкерлер кеңешинин мүчөсү Айнура Джумашева, Кыргыз Республикасынын программаларды иштеп чыгууну камсыз кылуу жана кызмат көрсөтүүлөр ассоциациясынын төрагасы Азиз Абакиров жана Транспорт жана жолдор министри Жамшитбек Калилов баяндама жасады.

Пикир

Оставить комментарий