• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Сталинграддагы жеңишке 80 жыл. Кыргызстандын алты шаарында жөө жүрүш өтөт

Коом 0

Бишкек, 23.01.23. /Кабар/. Коргоо министрлиги "Наша Победа – Биздин Жеңиш" издөө кыймылы менен биргеликте Сталинград согушундагы немис-фашисттик аскерлердин талкаланышынын 80 жылдыгына арналган жөө жүрүш өткөрөт.

Министрликтин басма сөз кызматы билдиргендей, 27-январда саат 16:00дө Коргоо министрлигинин кошуундарында жана бөлүктөрүндө өздүк курам беш чакырымга жөө жүрүш жасайт.

Катышуучулар саат 15:30 иш-чара өтүүчү жерлерде чогулат:

- Д.Асанов атындагы Кыргыз улуттук аскер лицейи;
- К. Үсөнбеков атындагы Кыргызстандын Куралдуу күчтөрүнүн аскердик институту;
- Токмок, Балыкчы, Григорьевка, Ош жана Жалал-Абад шаарларында.

Эскерүү иш-чараларына 1941-1945-жылдардагы Улуу Ата Мекендик согуштун, Сталинград согушунун катышуучуларынын урпактары, ошондой эле 98 жана 99-аткычтар бригадаларынын жоокерлери, аскердик-спорттук, спорттук клубдар, ардагерлердин уюмдары, издөө кыймылдарынын өкүлдөрү, республиканын билим берүү мекемелеринин жана жогорку окуу жайларынын окуучулары, Куралдуу күчтөрдүн ардагерлери жана запастагы аскер кызматчылары чакырылат.

Сталинград согушунда немис-фашисттик аскерлердин талкаланышынын 80 жылдыгына арналган жөө жүрүшкө катышуу үчүн катталуу жана боло турган иш-чара тууралуу толук маалымат алуу үчүн төмөнкү телефондор аркылуу кайрылсаңыз болот:

- Бишкек шаарында, Чүй жана Ысык-Көл облустарында - (0700) 06-76-96 (телефон жана ватсап):
- Ош шаарында, Ош жана Жалал-Абад облустарында - (0708) 65-63-76 (телефон жана ватсап).

Пикир

Оставить комментарий