• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Стационарда 366 жаран жатат, 11 бейтаптын абалы оор - Үсөнбаев

COVID - 19 0

Бишкек, 15.04.20. /Кабар/. Стационарда 366 жаран жатат, 11 бейтаптын абалы оор. Бул тууралуу саламаттык сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев өкмөт үйүндө өткөн маалымат жыйында билдирди.

Анын айтымында, 11 бейтаптын жетөөсү жандандыруу бөлүмүндө. "COVID-19 инфекциясына чалдыккан башка бейтаптардын абалы орточо оор же канааттандырарлык деп бааланууда. Бүгүнкү күнгө карата 78 адам айыгып, үйүнө чыгарылды", - дейт ал.

Үсөнбаев билдиргендей, 5-апрелден тарта изилдөөгө келип түшкөн үлгүлөрдүн саны – 28 222. "Жалпы жүргүзүлгөн изилдөөлөрдүн саны 27 033, ал эми сутка ичинде 981 изилдөө жүргүзүлгөн", - дейт ал.

15-апрелге карата Кыргызстанда коронавирусту жуктуруп алгандардын саны 449га жетти. Алардын ичинен 98и медицина кызматкери. Коронавирустан 78 жаран айыкса, каза болгондордун саны 5 адамды түзөт.

Пикир

Оставить комментарий