• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Статистика: Бүгүн дагы 191 адамдан COVID-19 табылып, бир адам каза болду

COVID - 19 0

Бшкек, 31.12.20. /Кабар/. Кыргызстанда бир суткада коронавирус 191 адамдан табылып, бир бейтап каза болду. Бул тууралуу Республикалык штабдан билдиришти.

Маалыматка ылайык, Бишкекте коронавирус – 64 адамдан, Ош шаарында – 4, Чүй облусунда – 46, Ош облусунда – 9, Талас облусунда – 7, Нарын облусунда – 5, Ысык-Көл облусунда – 27, Жалал-Абад облусунда – 24, Баткен облусунда 5 кишиден табылган.

Ошол эле учурда 294 адам коронавирустан айыгып чыккан.

“Бишкекте – 77, Ош шаарында – 32, Чүй облусунда – 76, Ош облусунда – 16, Талас облусунда – 7, Нарын облусунда – 6, Ысык-Көл облусунда – 36, Жалал-Абад облусунда – 30, Баткен облусунда 14 киши коронавирустан айыгып чыкты”, - деп билдирет штаб.

Акыркы күн ичинде COVID-19 илдетинен бир адам каза болгон: Бишкекте бир киши.

Бүгүнкү күнү стационарларда коронавирустан 1 миң 93 бейтап, амбулатордук түрдө 1 миң 756 бейтап дарыланууда.

“Бир күн ичинде өлкө боюнча 2 медицина кызматкеринен коронавирус аныкталды. Үй шартынан 3, стационардан 5 медкызматкер айыгып чыкты. Пандемия башталгандан бери 4 миң 114 медицина кызматкери коронавирус жуктуруп алган, алардын ичинен 3 миң 918 медкызматкер айыгып чыкты”, - деп билдирет штаб.

Кыргызстанда пандемия башталгандан бери 81 миң 34 адам коронавирус жуктурган. Алардын ичинен 75 миң 918 киши айыгып чыкса, 1 миң 355 адам каза болду.

Пикир

Оставить комментарий