• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Статистика: Бүгүн дагы 59 адамдан COVID-19 жаңы табылды

COVID - 19 0

Бишкек, 01.02.21. /Кабар/. Кыргызстанда бир суткада коронавирус 59 адамдан табылды. Бул тууралуу Республикалык штабдан билдиришти.

Маалыматка ылайык, Бишкекте – 26, Чүй облусунда – 19, Ош облусунда – 2, Нарын облусунда – 4, Ысык-Көл облусунда – 4, Жалал-Абад облусунда – 1, Баткен облусунда - 2, Талас облусунда - 1 кишиден табылган.

Ал эми бир сутка ичинде 91 адам коронавирустан айыгып чыккан.

“Бишкекте коронавирус – 47 адамдан, Ош шаарында - 1, Чүй облусунда – 27, Ош облусунда - 4, Нарын облусунда – 1, Жалал - Абад облусунда - 2, Ысык-Көл облусунда – 8, Талас облусунда - 1 киши коронавирустан айыгып чыкты”, - деп айтылат штабдын билдирүүсүндө.

Коронавирустан жалпы 1 миң 412 жаран көз жумган. Сутка ичинде COVID-19 илдетинен каза болгон учурлар катталган жок.

Бүгүнкү күнү стационарларда коронавирустан 581 бейтап, амбулатордук түрдө 674 адам дарыланууда.

“Бир сутка ичинде өлкө боюнча 3 медициналык кызматкер коронавирус жуктуруп алган. Пандемия башталгандан бери 4 миң 176 медицина кызматкери коронавирус жуктуруп алган, алардын ичинен 4 миң 90 медкызматкер айыгып чыкты”, - деп билдирет штаб.

Кыргызстанда пандемия башталгандан бери 84 миң 588 адам коронавирус жуктурган. Алардын ичинен 80 миң 987 киши айыгып чыкса, 1 миң 412 адам каза болду.

Пикир

Оставить комментарий