• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Статистика комитети: Учурда эл каттоого байланыштуу эч кандай иш-чаралар жүргүзүлгөн жок

Коом 0

Бишкек, 01.09.20. /Кабар/. Улуттук статистика комитети азыркы учурда эл каттоону өткөрүү боюнча эч кандай иш-чаралар жүргүзүлбөгөндүгүн расмий түрдө билдирет.

Статистика комитети белгилегендей, социалдык тармактарда эл каттоо кызматынын шылтоосу менен белгисиз адамдар үймө-үй кыдырып алдыдагы шайлоо үчүн маалымат чогултуп жатат деген маалымат чыккан.

Буга чейин Улуттук статистика комитети КР өкмөтүнүн 2017-жылдын 23-октябрындагы №690 "Кыргыз Республикасында 2020-жылы эл жана турак жай фондун каттоого даярдык көрүү жана өткөрүү жөнүндөгү" токтомуна ылайык, эл жана турак жай фондун каттоого даярдык көрүү жана өткөрүү боюнча иш-чаралар 2020-жылдын 23-мартынан тартып 1-апрелине чейин өтө тургандыгын маалымдаган. Бирок өлкөдөгү эпидемиологиялык кырдаалга байланыштуу эл каттоо иш-чарасын өткөрүү мөөнөтү белгисиз убакытка жылдырылган. Улуттук статистика комитети учурда эл жана турак жай фондун каттоосун өткөрүү боюнча эч кандай иш-чаралар жүргүзүлбөгөндүгүн расмий түрдө билдирет.

Так маалымат алуу үчүн (0312) 32-53-36; (0312) 62-56-57 телефондоруна, Улуттук статистика комитетине же жакынкы аймактык статистика органдарына кайрылууга болот.

Пикир

Оставить комментарий