• 88.68
  • 95
  • 0.95

Кыргызстан Түркияга эки учак гумжардам жана кошумча 100 куткаруучу жөнөтөт

Президент 0

Бишкек, 09.02.23. /Кабар/. Президент Садыр Жапаровдун тапшырмасы менен жер титирөөдөн жабыркагандарга жардам көрсөтүү үчүн Түркияга эки учак гуманитардык жардам жөнөтүү камылгасы көрүлүүдө. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматынан билдиришти.

Боордош түрк элине колдоо көрсөтүү максатында кыргыз тарап биринчи учак менен 100 боз үй, 20дай жылууланган аскер чатырын жана мобилдүү ооруканага ылайыкталган 1 чатыр жөнөтөт.

Жер титирөөнүн кесепеттерин жоюу үчүн керектүү куткаруу механизмдери жана 2 үйрөтүлгөн ит менен 100 куткаруучудан турган атайын топ экинчи учак менен барат.

Ошондой эле бул учак менен тиешелүү медициналык буюмдар, кийим-кече жана биринчи кезекте зарыл болгон керектүү буюмдар гуманитардык жардам катары жеткирилет.

Эскерте кетсек, 6-февралда таңга жуук Түркия жана Сириянын аймагында очогунда 7,8 баллга жеткен катуу жер титирөө катталып, бир нече шаар кыйраган. Кийин жер титирөө дагы кайталанып, анын күчү очогунда 7,6 баллга жеткен.

Учурда Түркияда жер титирөөдөн каза болгондордун саны 12 миң 800 адам, жабыркагандардын саны 62 миң 914 адамды түзгөндүгү кабарланууда.

Пикир

Оставить комментарий