• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Сутка ичинде COVID-19 инфекциясынан 42 жаран каза болду

COVID - 19 0

Бишкек, 21.07.20. /Кабар/. Сутка ичинде COVID-19 инфекциясынан 42 жаран каза болду. Бул тууралуу Коомдук саламаттыкты сактоо башкармалыгынын башчысы Айнура Акматова брифингде билдирди.

Анын айтымында, Бишкек шаарында 9, Ош шаарында 2, Чүй облусунда 3, Ош облусунда 7, Талас облусунда 4, Нарын облусунда 4, Ысык-Көл облусунда 7, Жалал-Абад облусунда 5, Баткен облусунда бир бейтап (пневмонияны эсепке алганда) каза болду.

Белгилей кетсек, Кыргызстанда 21-июлга карата коронавирус жана пневмония жуктурган учурлардын саны 28 миң 251ге жетти. Илдеттен жалпы 14 миң 776 жаран айыкса, каза болгондордун жалпы саны 1079ду түзөт.

Пикир

Оставить комментарий