• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Сутка ичинде коронавирусту аныктай турган 2 миң 479 изилдөө жүргүзүлдү

COVID - 19 0

Бишкек, 12.07.20. /Кабар/. Сутка ичинде коронавирусту аныктай турган 2 миң 479 изилдөө жүргүзүлдү. Бул тууралуу Республикалык штабдан билдиришти.

Маалыматка ылайык, сутка ичинде текшерилген анализдердин ичинен 719 жаңы учур катталган.

Белгилей кетсек, азыркы тапта өлкөдө коронавирус жуктурган учурлардын саны 10629га жетти. Алардын ичинен 3387 адам коронавирустан айыгып, ооруканадан чыгарылган. Ал эми коронавирус жуктурган 132 адам (+7 учур бүгүн катталды) каза болду.

Пикир

Оставить комментарий