• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Сутка ичинде коронавирусту аныктай турган 2 миң 761 изилдөө жүргүзүлдү

COVID - 19 0

Бишкек, 14.06.20. /Кабар/. Сутка ичинде коронавирусту аныктай турган 2 миң 761 изилдөө жүргүзүлдү. Бул тууралуу Республикалык штабдан билдиришти.

Маалыматка ылайык, сутка ичинде текшерилген анализдердин ичинен 78 жаңы учур катталган.

Белгилей кетсек, азыркы тапта өлкөдө коронавирус жуктурган учурлардын саны 2285ке жетти. Алардын ичинен 1791 адам коронавирустан айыгып, ооруканадан чыгарылган. Ал эми коронавирус жуктурган 27 адам каза болду.

Пикир

Оставить комментарий