• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Сутка ичинде өлкө аймагында 13 өрт кырсыгы катталды

Кырсык 0

Бишкек, 27.12.19. /Кабар/. Сутка ичинде республиканын аймагында 13 өрт кырсыгы катталды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Түп районундагы Маяк айылында турак үй толугу менен күйгөн. Өрттүн себеби такталууда.

Бишкек шаарынын Алтын-Ордо конушунда турак үйдүн 60 чарчы метри гипсокартон капталган шыбы, тиричилик буюмдар жана документтер толугу менен күйгөн. Өрттүн себеби электр жабдууларын техникалык пайдаланууда эреженин бузулушу.

Жалал-Абад облусунун Ноокен районундагы Рахманжанов айылында жыгач устундуу шифер жабылган эки кабаттуу сарайдын 55 чарчы метр чатыры, 350 түк чөп жана 100 боо пахта сабагы күйгөн. Өрттүн себеби электр зымдарынын кыска туташуусу болгон.

Пикир

Оставить комментарий