• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Сутка ичинде өлкө аймагында 17 өрт кырсыгы катталды

Кырсык 0

Бишкек, 16.09.20. /Кабар/. Сутка ичинде өлкө аймагында 17 өрт кырсыгы катталды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, Чүй облусунун Ысык-Ата районундагы Чоң-Далы айылында жалпы аянты 360 чарчы метр болгон сарайдын чатыры толугу менен жана 60 даана устун, 24 даана рейка, 230 даана шифер күйгөн. Өрттүн себеби такталууда.

Чүй облусунун Жайыл районундагы Кара-Балта шаарында “Audi” үлгүсүндөгү унаанын арткы эки дөңгөлөгү күйгөн. Өрттүн себеби такталууда.

Чүй облусунун Москва районундагы Беловодск айылында бастырманын 50 чарчы метр чатыры күйгөн. Өрттүн себеби такталууда.

Чүй облусунун Чүй районундагы Шамшы айылында ачык аянтта 800 түк чөп күйгөн. Өрттүн себеби такталууда

Чүй облусунун Ысык-Ата районундагы Хунчи айылында жалпы аянты 50 чарчы метр бастырманын чатыры толугу менен жана 400 түк чөп күйгөн. Өрттүн себеби такталууда.

Жалал-Абад облусунун Сузак районундагы Беш-Бала айылында жыгач устундуу шифер менен жабылган 2 кабаттуу мал сарайдын 12 чарчы метр чатыры күйгөн. Өрттүн себеби отко этиятсыздык мамиле кылуу.

Жалал-Абад шаарында жыгач устундуу шифер менен жабылган бастырманын 9 чарчы метр чатыры жана 40 түк чөп күйгөн. Өрттүн себеби электр ширетүү иштеринде өрт коопсуздук эрежелеринин бузулушу.

Жалал-Абад облусунун Чаткал районундагы Терек-Сай айыл аймагынын Ак-Терек участогунда оор жүк ташуучу унаанын 4 чарчы метр борту күйгөн. Өрттүн себеби такталууда.

Жалал-Абад облусунун Аксы районундагы Кербен шаарында шифер менен жабылган сарайдын 120 чарчы метр чатыры жана 400 түк чөп күйгөн. Өрттүн себеби такталууда.

Пикир

Оставить комментарий