• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Сутка ичинде өлкө аймагында 3 өрт кырсыгы катталды

Кырсык 0

Бишкек, 30.03.21. /Кабар/. Бир сутканын ичинде өлкө аймагында 3 өрт кырсыгы катталып, аларды өчүрүүгө 5 бөлүм тартылган. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, Бишкек шаарында 1, Чүй облусунда 2 өрт кырсыгы катталган.

Бишкек шаарынын Октябрь районунда кампанын ичинде 250 чарчы метр аянтта кездемелер күйгөн. Өрттүн себеби такталууда.

Чүй облусунун Москва районундагы Ак-Суу айылында электр карагайы күйгөн. Өрт электр зымдарынын кыска туташуусунан келип чыккан.

Чүй облусунун Сокулук районундагы Ак-Ордо-3 конушунда жыгач устундуу темир жабылган турак үйдүн 40 чарчы метр чатыры күйгөн. Өрттүн себеби такталууда

Пикир

Оставить комментарий