• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Суу биологиялык ресурстарын коргоо чөйрөсүндөгү айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөр киргизилди

Президент 0

Бишкек, 03.03.20. /Кабар/. Президент Сооронбай Жээнбеков «Суу биологиялык ресурстарын коргоо чөйрөсүндөгү айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын мыйзамына кол койду. Бул тууралуу президенттин аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмү билдирди.

Мыйзам Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан 2020-жылдын 16-январында кабыл алынган.

Мыйзам «Кыргыз Республикасынын аймагына балык уулоочу синтетикалык торлорду, электр менен кармоочу тутумдарды алып келүүгө, өндүрүүгө, даярдоого, сатууга жана пайдаланууга тыюу салуу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын мыйзамын ишке ашыруу максатында кабыл алынган.

Бул мыйзамдын максаты Кыргыз Республикасынын курчап турган чөйрөнү коргоо жагындагы мыйзамдарынын талаптарын бузгандыгы үчүн күнөөлүү жактардын жоопкерчилигин белгилөөгө багытталган.

Ага байланыштуу Кыргыз Республикасынын Жазык кодексине, Кыргыз Республикасынын Жазык-процесстик кодексине, Кыргыз Республикасынын Жоруктар жөнүндө кодексине, Кыргыз Республикасынын Бузуулар жөнүндө кодексине тиешелүү өзгөртүүлөр киргизилди.

Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып он беш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

Пикир

Оставить комментарий