• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Суусамыр суусуна түшүп кеткен жаран изделүүдө

Кырсык 0

Бишкек, 13.05.22. /Кабар/. Суусамыр суусуна түшүп кеткен жаран изделүүдө. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, Жайыл районунда Суусамыр суусуна 1980-жылы туулган И.Б. аттуу эркек киши түшүп кеткен.

Жерине издөө иштерин жүргүзүү үчүн ӨКМден жалпы 25 куткаруучу тартылып, натыйжа болгон эмес. Кеч киргендигине байланыштуу саат 21:00дө издөө иштери убактылуу токтотулган.

Бүгүн, 13-май күнү издөө иштери улантылат.

Пикир

Оставить комментарий