• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Сокулукта канализациялык кудукту тазалап жаткан адам газга ууланып, ооруканага жеткирилген

Кырсык 0

Бишкек, 12.01.22. /Кабар/. Чүйдүн Сокулук районундагы Шопоков шаарында жайгашкан райондук оорукананын жанындагы канализациялык кудукта эки адам тазалоо иштерин жүргүзүп жатып ичинде калып калган.

Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришкендей, 48 жаштагы М.С. жана 55 жаштагы Ж.Ж. аттуу жарандарды куткаруучулар кудуктан чыгарышкан.

Жабыркагандардын бирөөсү газга уулангандыгына байланыштуу тез жардам кызматкерлерине өткөрүлүп берилген.

Пикир

Оставить комментарий