• 88.57
  • 95.33
  • 0.97

Эки кабаттуу үй, 400 түк чөп, унаа... Акыркы суткада 10 өрт кырсыгы катталды

Кырсык 0

Бишкек, 05.10.23. /Кабар/. Акыркы суткада өлкө аймагында 10 өрт кырсыгы катталып, аны өчүрүүгө 11 бөлүм тартылган. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, анын ичинен:

- Ош облусунда – 3;
- Баткен облусунда – 2;
- Ысык-Көл облусунда – 2;
- Ош шаары – 1;
- Жалал-Абад облусу 1;
- Нарын облусунда 1;
- Талас облусунда – 1 өрт кысыгы катталган.

Алсак, Кара-Суу районунун Жаны-Арык айылында короодо 400 түк жыйылган чөп күйгөн. Өрттүн себеби такталууда.,

Ноокат районунда Пакыр айылы, Сатыбалдиев көчөсү №8 дарегинде эки кабатту турак үйдүн 336 чарчы метр экинчи кабаты жана чатыры толугу менен күйгөн.

Ош шаарынын Г. Жумабай ажы көчөсүндө жолдун боюнда Dewoo Мatiz үлгүсүндөгү унаа толугу менен күйгөн. Өрттүн себеби такталууда.

Пикир

Оставить комментарий