• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Сузак милициясы аз камсыз болгон үй-бүлөлөрдүн балдарына колдоо көрсөттү

Аймак 0

Бишкек, 24.07.20. /Кабар/. Сузак райондук милициясы тарабынан аз камсыз болгон үй-бүлөлөрдүн балдарына колдоо көрсөтүлдү. Бул тууралуу Жалал-Абад облустук милициясынын басма сөз кызматы кабарлайт.

Маалыматка ылайык, Кызыл-Туу айылдык милиция бөлүмчөсүнүн жашы жете электер менен иштөө испекциясынын кызматкерлери демөөрчүлөрдү таап, алардын колдоосу менен 20 балага мезгилдик кийим-кечектер тапшырылган.

"Жергиликтүү тургундар милициянын жаш өспүрүмдөр менен тыгыз байланышта болуп, аларга колдоо жана туура жолду көрсөтүп келе жатышканын белгилешип, ыраазычылык айтышты. Өз кезегинде милиция кызматкерлери өспүрүмдөрдү терс көрүнүштөрдөн алыс болууга чакырышты. Ошондой эле азыркы кырдаалды эске алуу менен ар бир үй-бүлө жеке гигиеналык эрежелерди, санитардык нормаларды сактоо керектиги эскертилди. Ата-энелерди аптаптуу күндөрү өз балдарын көзөмөлгө алып, сууга түшүүдө этият болууга үндөштү", - деп айтылат билдирүүдө.

Пикир

Оставить комментарий