• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Сузак районундагы №44 Фуркат орто мектебинин курулуш иштери жанданат

Аймак 0

Бишкек, 17.11.22. /Кабар/. Сузак районунун Ырыс айыл аймагындагы №44 Фуркат атындагы орто мектебинин курулуш иштери жанданат. Бул тууралуу президенттин Жалал-Абад облусундагы өкүлчүлүгүнөн билдирди.

Маалыматка ылайык, президенттин өкүлү Абсаттар Сыргабаев мекеменин абалы, курулуш жумуштарынын жүрүшү менен таанышып чыкты.

Каражат маселеси чечилбегендиктен мектеп имаратынын курулуш жумуштары көп жылдардан бери аягына чыкпай келет. Мындан улам, бул жылы республикалык бюджеттен 15 млн сом бөлүнгөн. Азыркы учурда ал каражатка имараттын айнектерин орнотуу, жылуулук системасын куруу, ички жана сырткы жумуштары жүргүзүлүүдө.

Облус башчысы №44 Фуркат мектебинин курулушун толук аягына чыгарууга керектелүүчү кошумча каражат маселесин чечүү аракети көрүлөөрүн билдирди.

Аталган мектеп 610 орунга ылайыкталып, сметалык баасы 54 млн сомго бааланган. Азыркы учурдагы инфляциянын деңгээлине ылайык, керектелүүчү сумманын көлөмү өскөн.

Пикир

Оставить комментарий