• 88.68
  • 95
  • 0.95

Кадамжайда мектеп окуучулары аскерлердин күжүрмөн даярдыгы менен таанышты

Аймак 0

Бишкек, 17.11.22. /Кабар/. Бүгүн, 17-ноябрда Кадамжай районунда милиция кызматкерлери мектеп окуучуларын Мекенди коргоого үндөө, патриоттук сезимдерин арттыруу максатында Кайтпас чек ара тозотуна алып барып, аскер кызматчыларынын күжүрмөн даярдыгы менен тааныштырышты.

Баткен облустук ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматынан билдиргендей, бул иш-чара Баткен облусунун аймагында өтүп жаткан “Камкордук” алдын алуу иш-чарасынын алкагында өттү.

Андан сырткары, милиция кызматкерлери Миң-Чынар айылындагы билим берүү мекемесинде жаш өспүрүмдөрдүн коопсуздугун камсыздоо, зордук-зомбулукту, мал уурулукту, уурулукту жана башка кылмыштардын алдын алуу максатында окуучулардын ата-энелери менен жыйын өткөрүшүп, түшүндүрүү иштерин жүргүзүштү.

Пикир

Оставить комментарий