• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Турсунбеков Сузак районундагы бир катар социалдык мекемелерди кыдырды

Жогорку Кеңеш 0

Бишкек, 06.10.17 /Кабар/. Кечээ, 5-октябрда Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасы Чыныбай Турсунбеков Сузак районундагы бир катар социалдык мекемелердин абалы менен таанышып чыкты. Бул тууралуу ЖК басма сөз кызматы билдирди.

Алгач Таштак айылында жайгашкан О.Муратов атындагы орто мектептен кабар алып, мугалимдер жамааты менен жолугушту. Жогорку Кеңеш Төрагасы мектеп имаратынын авариялык абалда экендигине байланыштуу жаңы имараттын долбоорун иштеп чыгуу керектигин белгилеп, тиешелүү министрликтерге тапшыра тургандыгын айтты. Мындан тышкары, мугалимдерди кесиптик майрамы менен куттуктаган Чыныбай Турсунбеков: “Мугалим - мөмөлүү дарак. Баарыбызды ушул даражага жеткирген мугалимдердин асыл эмгеги эч нерсеге тең келбейт”, – деди. Ошондой эле Төраганын резервдик фондунан материалдык жардам тапшырып, алдыңкы мугалими Гүлсайра Аргенбаевага Жогорку Кеңештин Ардак грамотасын ыйгарды.

Андан соң №2 М.Хакимов “Дом-Ата” атындагы жалпы билим берүүчү орто мектебинен кабар алды. Белгилүү болгондой аталган мектепте бардык заманбап шарттар каралып, окутуу ыкмасы жаңы технологиялар менен камсыздалган. Буга жогору баасын берген Төрага Чыныбай Турсунбеков: “Мектебиңер районго эле эмес, республикага үлгү болчу мектеп экен. Ал тургай музейиңерде да кыргыз тарыхынын урунтуу учурларына тиешелүү материалдардын бар экенине күбө болдук. Билим берүүдөн тышкары, окуучуларды кол эмгегине да үйрөтүп жатканыңар да мактоого татырлык. Буюрса ушул мектептен Кыргызстанды өнүктүрүп, өлкөнү сыймыктандыра турган инсандар өсүп чыгат деген ишеничтемин” – деди. Чыныбай Турсунбеков мугалимдер жамаатын кесиптик майрамы менен куттуктап, материалдык жардам тапшырып, аталган үлгүлүү мектептин директору Гүлнара Юлдашеваны Жогорку Кеңештин атайын кол сааты менен сыйлады.

Мындан сырткары, Жогорку Кеңеш Төрагасынын иш сапары Сузак аймактык ооруканасынын кардиология бөлүмүндө уланды. Чыныбай Турсунбеков 2011-жылы курулушу башталган оорукананын жаңы имараты менен таанышты. Ал оорукананын элет эли үчүн өтө зарылдыгын белгилеп, имараттын 1,5 млн. сомдук калган курулуш иштерин кийинки жылы бүткөрүүнү КР Өкмөтүнө караштуу Архитектура, курулуш жана турак жай – коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигине табыштады.

Пикир

Оставить комментарий