• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Сузакта 8 адам күйдүргү оорусуна шектелип ооруканага түштү

Ден соолук 0

Бишкек, 30.09.21. /Кабар/. Сузакта сегиз адам күйдүргү оорусуна шектелип ооруканага түштү. Бул тууралуу “Кабар” агенттигине Карантиндик жана өзгөчө кооптуу инфекциялар борборунун бөлүм башчысы Кубан Бектурдиев билдирди.

Анын айтымында, ооруканага түшкөндөрдүн ичинен төртөөндө күйдүргү оорусу лабораториялык анализдерден кийин аныкталды.

“Бейтаптардын баарынын абалы канааттандырарлык. Тиешелүү дарылануудан өтүп жатат. Алар оорулуу уйду союшкан. Ошондой эле 20 адам дагы уйдун этин жегендиги үчүн байкоого алынды”, - дейт Бектурдиев.

Пикир

Оставить комментарий