• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Сузакта дайынсыз жоголгон 31 жаштагы Барнохан изделүүдө

Кырсык 0

Бишкек, 01.04.31. /Кабар/. Сузак районунун Ырыс айыл аймагынын Жар-Кыштак айылынын тургуну 1990-жылы туулган Махмутжан кызы Барнохан дайынсыз болууда.

Жалал-Абад облустук милициясынын басма сөз кызматынан кабарлашкандай, Барнохан 2021-жылдын 21-март күнү саат 16:00 чамасында өзү жашаган үйүнөн чыгып кеткен бойдон кайтып келген эмес.

Учурда Махмутжан кызы Барнохандын жүргөн жерин аныктоого мүмкүнчүлүк болбой жаткандыгына байланыштуу туугандары жана милиция аны табууга коомчулуктан жардам сурайт.

Белгилери: Бою 165-170 см, өңү кара тору, кашы, көзү, чачы кара, 2-топтогу майып.

Кийген кийимдери: Көк түстөгү узун халат, күрөң түстөгү кемзир, кара шым, бутунда галош болгон.

Милиция дайынсыз болуп жаткан Махмутжан кызы Барнохан тууралуу кандайдыр бир маалымат билгендер болсо, анда тезинен кабарлап коюуну өтүнөт: Тел.: 102, (03748) 5 02 09, 0773 07 77 77, 0558 84 48 50.

Пикир

Оставить комментарий