• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Бишкекте тез жардам унаасы менен жеңил унаанын катышуусунда жол кырсыгы катталды

Кырсык 0

Бишкек, 02.10.17. /Нуркыз Сабырова – Кабар/. Бишкекте бүгүн эртең менен тез жардам унаасы менен жеңил унаа сүзүшкөн. Бул тууралуу шаардык патрулдук милиция башкармалыгынан кабарлашты.

Маалыматка ылайык, жол кырсыгы саат 9:00 Чүй проспектиси жана Ибраимов көчөсүнө жакын жерде болгон. Тез жардам каретасы менен “Вольксваген Пассат” үлгүсүндөгү жеңил унаа бир багытты карай Чүй проспектиси менен бара жатышкан. Ибраимов көчөсү менен кесилишкен жерде жол чырактын алдында жеңил унаанын айдоочусу аралыкты сактабагандыктан улам тез жардам унаасын барып сүзүп алган.

Бактыга жараша эч ким жабыркаган жок. Тез жардам унаасы жумушка бара жаткан, ичинде оорулу жок болгон.

Пикир

Оставить комментарий