• 88.68
  • 95
  • 0.95

Өзгөндөгү октон каза болгон эки киши. Шектүүлөрдүн куралы жана автоунаасы табылды

Кырсык 0

Бишкек, 19.03.21. /Кабар/. Буга чейин Ош облусунун Өзгөн районунда эки адам ок жеп каза болгону айтылган.

Жазык кодексинин 130-беренесинин ("Киши өлтүрүү") негизинде ачылган сотко чейинки өндүрүш ишинин алкагында шектүүлөрдүн кылмыш учурунда колдонгон автоунаасы жана ок атуучу куралы табылды.

Өзгөн районунун Дөӊ-Булак айыл аймагына караштуу Жөө-Алма участкасынын эгин талаасына кеткен жолдо көк түстөгү "Хонда-Фит" автоунаасы табылган.

Ошондой эле КRAL ARMS үлгүсүндөгү Түркиянын өндүрүшүндөгү аңчылык курал, эки даана 12 калибрлүү ок дарынын атылган гильзасы, бир даана дүрмөттөлгөн ок алынган.

Денесинен жаракат алып каза болгон 31 жаштагы Өзгөн шаарынын М.Ш. аттуу тургуну 2020-жылдын февраль айынан бери уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү катары ИИМдин ыкчам каттоосунда тургандыгы белгилүү болду.

Тергөө иштери уланууда.

Пикир

Оставить комментарий