• 88.35
  • 95.16
  • 0.95

Өзгөндө эки адам ок жеп каза болду. Шектүүлөр изделүүдө

Кырсык 0

Бишкек, 19.03.21. /Кабар/. Ош облусунун Өзгөн районунда эки адам ок жеп каза болду. Бул тууралуу Ош облустук ички иштер башкармалыгынан билдиришти.

Өзгөн райондук милициясына 18-марттан 19-мартка караган түнү саат 03:35тер чамасында аймактык ооруканадан эки жаран куралдын огунан каза болгондугу тууралуу маалымат келип түшкөн.

Аталган окуя Жазык кодексинин 130-беренесинин 2-бөлүгүнүн 9-пунктунун негизинде сотко чейинки өндүрүш иши ачылып, тергөө иштери башталды.

Алынган маалымат боюнча ыкчам тергөө тобу аймактык ооруканага барган.

"Өзгөн шаарынын Ленин көчөсүнүн түштүк тарабындагы жолдо "Хонда-Инспайер" жеңил автоунаасынын ээси 31 жаштагы М.Ш. 21 жаштагы К.С. жана 31 жаштагы А.А. менен унаада отурган жерде белгисиз автоунаа келип токтоп, ок атуучу курал менен атып кеткен. Жарааттан эки адам каза болуп, бирөө тирүү калган. Шектүүлөр окуя болгон жерден изин жашырган", - деп айтылат маалыматта.

Учурда кылмыштын бетин ачуу боюнча иш жүрүүдө.

Тийиштүү экспертизалар дайындалды.

Пикир

Оставить комментарий