• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Чүйдө айдоочу эне-баланы сүзүп кетти. Апасы көз жумду

Кырсык 0

Бишкек, 28.08.18. /Кабар/. Чүй облусунда айдоочу баласы менен апасын сүзүп кетти. Апасы каза болду. Бул маалыматты “Кабар” агенттигине облустун Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынан тастыкташты.

Маалыматка караганда, Лебединовка айылында 26сынан 27-августка караган түнү Россиянын мамлекеттик номери менен Hyundai үлгүсүндөгү автоунаанын айдоочусу баласы менен аялды сүзүп кеткен.

Ооруканага баратып апасы жолдон каза болгон, баласын ооруканага жаткырышкан.

Учурда тергөө иштери жүргүзүлүп жатат.

Кээ бир маалыматтарга караганда, айдоочу “Кант” авиабазасынын аскер кызматкери.

Пикир

Оставить комментарий