• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Сузакта дарыгер коронавирустан эмес, пневмониядан каза болгон – Саламаттык сактоо министрлиги

Ден соолук 0

Бишкек, 05.04.20. /Кабар/. Жалал-Абад облусунун Сузак районунда каза болгон дарыгерде коронавирус болгон эмес. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлигинен билдиришти.

Министрликтен белгилешкендей, Сузактын Үй-бүлөлүк медицина борборунун 64 жаштагы А.Б. аттуу психиатр-дарыгери Сузактын аймактык ооруканасына 31-март күнү алынып келген – пневмония диагнозу коюлган. Ооруканага келгенде бейтаптын абалы өтө оор болгон. Ал реанимация бөлүмүнө жаткырылган. Бардык керектүү диагностикалык иштер жүргүзүлүп, тиешелүү дарылануу дайындалган. Алынган анамнезден белгилүү болгондой, дарыгер өткөн жылдын декабрь айынан бери ооруп, өз алдынча дарыланып жүргөн.

"Дарыгер коронавируска чалдыккан адамдар болгон обсервация менен изоляторлорго жана үй карантининде болгон адамдарды кароо иштерине тартылган эмес. ПЧР диагностика жасалып, анын жыйынтыгы оору жок экенин көрсөткөн. Бардык көрүлгөн аракеттерге карабай бейтап 3-апрель күнү кайтыш болду", - деп билдиришти министрликтен.

Пикир

Оставить комментарий