• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

СOVID-19: Республикалык штабдын 5-апрелге карата маалыматы

COVID - 19 0

Бишкек, 05.04.20. /Кабар/. Кыргызстанда 5-апрелге карата коронавирус жуктурган 3 жаңы учур катталды. Азыркы тапта өлкөдө коронавирус жуктурган учурлардын саны 147ге жетти. Алардын ичинен 9 адам коронавирустан айыкты. Коронавирус жуктурган 2 адам каза болду.

Республикалык штабдын саат 20:00гө карата маалыматы:

- Азыркы учурда коронавирус илдетине чалдыккандардын ичинен 5 адам оор абалда кайра жандандыруу бөлүмүндө жатат. Анын ичинен 2 адам жасалма дем алдыруучу аппаратта, ал эми 3 адам кислород менен дем алууда.

- Кыргызстанда коронавирустан экинчи адам каза болду. 4-апрель күнү Ош облусунун Ноокат аймактык ооруканасындагы коронавирус илдети тастыкталган 80 жаштагы бейтап каза тапкан.

- Казакстанда Кыргыз Республикасынын төрт жаранынан коронавирус аныкталды. Алардын бардыгы инфекциялык стационарга жайгаштырылган.

- Өкмөт башчы Ош облусуна жасаган сапарынын алкагында Кызыл жарым ай коомунун Ош шаарындагы кеңсесине барып, ыктыярчылар менен жолугушту. Активисттер премьер-министрге мамлекеттик органдар менен жергиликтүү бийлик органдарына көмөк көрсөтүү боюнча жасап жаткан иштери тууралуу айтып беришти.

- Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев Ош жана Жалал-Абад облустарына эки күндүк иш сапар менен барган делегациянын 12 мүчөсү менен бирге коронавирус инфекциясынын аныктоо үчүн экспресс-тесттен өттү. Алардын биринен да вирус аныкталган жок. Тобокелчиликтерди азайтуу максатында алар үч күнгө үй карантинине жөнөтүлдү.

- Бишкекте карантиндик аймак түштүк тараптан Токомбаев/ Түштүк магистраль көчөлөрү, түндүк тараптан Чоң Чүй каналына чейин, чыгыштан Чолпон-Ата, батыш тарапатан Дооронбек Садырбаев (мурдагы Бах) көчөсүнө чейин кеңейтилди. Жаңы аймактар жарандардын өтүүсү жана унаалардын жүрүшү үчүн жабык болот. Ошондой эле, мурда жабылган аймактар дагы жабык болот. Анткени, көчөлөрдө дезинфекция иштери жүргүзүлөт", - деп билдирди Бишкек шаарынын коменданты А.Орозалиев.

Пикир

Оставить комментарий