• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Өлкөдө сасык тумоо боюнча эпидемиологиялык абал туруктуу

Ден соолук 0

Бишкек, 24.12.19. /Кабар/. 2019-жылдын 23-декабрына карата республикада сасык тумоо жана курч респиратордук вирустук инфекция (КРВИ) боюнча эпидемиологиялык абал туруктуу. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Министрликтен белгилешкендей, оперативдик маалыматка ылайык, 16-23-декабрь күндөрү (51-жума) 9-16-декабрга (50-жума) салыштырмалуу курч респиратордук вирустук инфекцияларга чалдыгуунун өсүшү белгиленген (51-жумада 6 миң 836 учур, 50-жумада 5 миң 182 учур катталган). Ошол эле убакта 2018-жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 22% төмөндөшү белгиленген (2018-жылы 8 миң 628 учур катталган).

Курч респиратордук вирустук инфекциялар көбүнесе 14 жашка чейинки балдар арасында көбүрөөк катталып, ооруга чалдыккандардын ичинен 74%ды түзөт. Бейтаптардан алынган анализдерди лабораториялык изилдөөнүн негизинде сасык тумоонун АH3N2 жана В түрлөрүнүн жүрүшү аныкталган (Бүткүл дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунун (БДССУнун) божомолуна дал келет).

"Ооруну алдын алуу жана эпидемияга каршы иш-чараларды өз убагында өткөрүү максатында окуучулар жана мектепке чейинки билим берүү мекемелеринде балдар арасында оорунун мониторинги күчөтүлгөн. Окуучулар арасында сасык тумоо жана КРВИ аз кездешип, мектептердин жабылышы катталган жок", - деп айтылат маалыматта.

Алдын алуу чаралары:

- Туура тамактануу жана активдүү болуу зарыл;

- Эгер балдарыңыз же сиз ооруп калсаңыз үйдө болуп, балдарды мектепке, бала бакчага жибербеңиз;

- Оорубаш үчүн сыркоологон адамдардан алыс болуңуз;

- "Жөтөлүү этикетин" сактап жөтөлгөндө жана чүчкүргөндө ооз-мурунду жабып, ооз-мурун, көзүңүздү кармабаңыз;

- Колду самын менен жууп же спирт аралашкан кол тазалагычтар менен сүрүү зарыл (айрыкча, ооз-мурунду кармагандан кийин);

- Мүмкүн болсо, эл топтошкон жерлерде азыраак болуңуз;

- Дайыма терезелерди ачып, бөлмөнү желдетип туруңуз;

- Эгер ооруп калсаңыз, үй-бүлөңүздүн башка мүчөлөрүнө жуктурбаш үчүн медициналык беткап тагыныңыз жана аны 4 саат сайын алмаштырып туруңуз;

- Бейтапты өзүнчө бөлмөгө бөлүп, өзүнчө идиш, бет аарчы берип, бөлмөнү тазалап, желдетип туруу кажет;

- Дарыгерге кайрылуу зарыл (дарыгерди үйгө чакырып) – дарыгер гана туура дарыланууну сунуштайт!

- Өзүңөрдү-өзүңөр дарылоодон алыс болгула. Анткени өзүн-өзү дарылоо оорунун оорлошуна алып келиши мүмкүн.

Пикир

Оставить комментарий