• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Сузакта жаратылышка эс алууга чыгуулардын алдын алуу иштери жүрүүдө

Аймак 0

Бишкек, 14.05.20. /Кабар/. Сузак райондук ички иштер бөлүмү тарабынан жаратылыш койнуна эс алууга чыккандарды болтурбоо максатында эл арасында түшүндүрүү иштери жүргүзүлүүдө. Бул тууралуу Жалал-Абад облустук милициясынын басма сөз кызматынан кабарлашты.

Маалыматка ылайык, азыркы мезгилде жакынкы эс алуу жайларына, суу бойлоруна барууга болбой тургандыгы эскертилип жатат. Ата-энелерге мектеп окуучуларын тыкыр көзөмөлгө алып, онлайн сабактарды аткаруу менен үйдө отуруу зарыл экендиги жеткирилүүдө.

Ошондой эле район аймагында жол кырсыктарынын алдын алуу багытында дагы бир топ иштер жүргүзүлүүдө. Милиция кызматкерлери айдоочуларга жол эрежелерин так сактап, башка адамдардын өмүрүнө коркунуч келтирбөөгө үндөшүүдө.

Мындан сырткары милиция кызматкерлери ар бир жаранды коронавирус илдетинин алдын алуу үчүн жеке гигиенаны сактоого чакырышууда.

Пикир

Оставить комментарий