• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Свердлов районунда COVID-19га каршы штабдын жыйыны өттү

Коом 0

Бишкек, 14.07.22. /Кабар/. Свердлов районунун акимчилигинде коронавирус инфекциясынын жайылышына каршы күрөшүү боюнча райондук штабдын кезектеги жыйыны өттү. Бул тууралуу Бишкек шаардык мэриясынын басма сөз кызматынан кабарлашты.

Маалыматка ылайык, штабдын ишине райондун медициналык мекемелеринин жетекчилери, МАБдын башчылары жана жооптуу адистери катышты.

Жыйындын жүрүшүндө райондун аймагындагы эпидемиологиялык абал, жеке коргонуучу каражаттардын жетиштүү запасы тууралуу маалымат угулду, ошондой эле эмдөөлөрдүн көрсөткүчү – статистикалык маалыматтар угулду.

Жыйынтыгында коопсуздук чараларын сактоо боюнча калкты маалымдоо, анын ичинде ишти күчөтүү чечими кабыл алынды.

Пикир

Оставить комментарий