• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Сыймык Жапыкеев Ысык-Көл облусунун прокурору кызматынан кетүүдө

Коом 0

Бишкек, 28.04.21. /Кабар/. Ысык-Көл облусунун прокурору Сыймык Жапыкеев кызматтан кетүү боюнча арыз жазды. Бул тууралуу журналисттерге Жапыкеев өзү билдирди.

“Кабар” агенттигине Башкы прокуратурадан билдиришкендей, Жапыкеевди кызматтан кетирүү жөнүндө буйрук түшө элек.

Мурдараак ЖМКлардын бирине берген маегинде Жапыкеев чет өлкөгө кетүүсүнө байланыштуу кызматтан кетүү ниетин билдирген.

Эскерте кетсек, Сыймык Жапыкеев 2020-жылдын 17-октябрында Экономикалык кылмыштуулукка каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик кызматынын (Финполиция) төрагасы болуп дайындалган. 2021-жылдын март айынын башында ал Финполициянын жоюлуусуна байланыштуу кызматтан кеткен. Ага Финполициянын генерал-майору наамы ыйгарылган.

Марттын аягында Жапыкеев Ысык-Көл облусунун прокурору болуп дайындалган.

Пикир

Оставить комментарий