• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Бүгүн Бишкектин айрым аймактарында электр жарыгы өчүрүлөт

Коом 0

Бишкек, 19.10.17 /Кабар/. Бүгүн, 19-октябрда Кыргызстандын улуттук электр тармагы” ААК 110 кВ чыңалуусундагы “ТЭЦ Бишкек-Түштүк-2” аба чубалгысынын калыбына келтирип жаткандыгына байланыштуу саат 10:00дө 14:00 чейин Бишкек шаарындагы айрым аймактарда электр жарыгы жок болот.

Ага ылайык:

-Төкөлдөш конушунун түндүк бөлүгүндө,

-Восток-5 кичирайонунун түштүк бөлүгүндө,

-Чүй чоң көчөсүндө (Свердлов акимиаты тарапта),

-№66 орто мектепте,

-Курманжан датка/Анкара көчөлөрүнүн түндүк-чыгыш тарабында электр жарыгы өчүрүлөт.

“Түндүкэлектр” ишканасынан кабарлашкандай, энергетиктер кечээ күндөн бери шамалдын тийгизген залакасын жокко чыгаруу менен алек.

Кечээ, 18-октябрда саат 05:45те катуу шамал 110 кВ “ТЭЦ Бишкек-Южная-2” аба чубалгысын үзүп, үзүлгөн чубалгы 35 кВ “Промышленная-Энергострой” аба чубалгысына асылып калган. Жыйынтыкта, Бишкек шаарынын Свердлов районундагы керектөөчүлөр электр жарыксыз калган.

Саат 08:45те керектөөчүлөр электр энергиянын башка булагына кошулган.

Пикир

Оставить комментарий