• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

“Тазалык” ишканасы Бишкекти тазалоо иштерин улантууда

Коом 0


Бишкек, 22-июнь /Кабар/. Тазалык” муниципалдык ишканасынын кызматкерлери Бишкек шаарынын тазалыгын сактоо боюнча иштерди аткарып жатат. Маселен алар жолдорду шыпырып, суу менен жууп турушат. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматы билдирди.

Эртең менен эрте штаттык режимде жумушка 500 көчө шыпыргыч жана 50гө чукул атайын унаалар чыгарылат. Биринчи май районунда 162 көчө шыпыргыч жана 25 жүк ташуучу, 13 жашылдандыруу кызматкерлери, Октябрь районунда 104-көчө шыпыргыч, 10 даана атайын техника жана жолдорду жуучу 2 унаа, Чоң Арык айылында 18 көчө шыпыруучу, 1 атайын техника жана 1 жол жуучу унаа. Свердлов районунда 126 көчө шыпыргыч, Ленин районунда 154 көчө шыпыргыч, 33 жүк ташуучу, 13 жашылдандыруу кызматкери, 2 жолдорду жуучу унаа жана 11 даана атайын техника чыгарылат.

“Тазалык” муниципалдык ишканасы Чүй, Манас жана Жибек Жолу Киев көчөсү, Токтогул, Москва, Бөкөнбаев, Фрунзе, Ахунбаев, Байтик Баатыр, Жукеев-Пудовкин, Малдыбаев, Абдрахманов, Ибраимов, Шопоков, Гоголь, Эркиндик бульвары жана Ала-Тоо аянтында көчөлөрдү жууду.

“Урматтуу шаар тургундары! Сиздер шаардын көчөлөрүндө орун алган кемчиликтерди көрүп калсаңыздар төмөнкү телефондор аркылуу билдирүү жиберсеңиздер болот:

- Карынбаев Аскат Асаналиевич (Ленин району) — ‪0557 997 927;

- Акматбаев Таалайбек Таберикович (Октябрь району) — ‪0554 955 509;

- Шарапов Руслан Эсенбекович (Биринчи май району) — ‪0558 336 640;

- Матмусаев Марат Маманович (Свердлов району) — ‪0555 447 154.

Ошондой эле, 24 саат тынымсыз иштеген 185 жана 1840 номерлери аркылуу билдирүү калтырууга болот. 0554 182-185 номерине сүрөт жөнөтсөңүздөр болот.

Пикир

Оставить комментарий