• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Сырттан алынган каражаттын 7,9 млрд сому экономиканы колдоо үчүн резерв катары кармалып турат

Экономика 0

Бишкек, 05.08.20. /Кабар/. Сырттан алынган каражаттардын 7,9 млрд сому экономиканы колдоо үчүн резерв катары кармалып турат. Бул тууралуу өкмөт үйүндөгү маалымат жыйында каржы министринин орун басары Абдыбалы тегин Сүйөркул билдирди.

Анын айтымында, учурда эл аралык донорлордон 333,3 млн доллар алынган. Анын ичинен 260,2 млн доллар бюджетти колдоого жумшалды.

"Бюджетти колдоого деген 260,2 млн долларды сомго которгондо 20 млрд 448,4 млн сом болду. Анын 7,9 млрд сому экономиканы колдоо үчүн резерв катары кармалып турат", - деди ал.

Ал 20 млрд 448,4 млн сомдун 12 млрд 467,3 млн сому кайсы тармактарга жумшалганын айтып берди:

- 7 млрд 169 млн сом - айлык акыларга (саламаттык сактоо, билим берүү, укук коргоо оргадарында иштеген кызматкерлердин маяналарына);
- 860,7 млн сом - социалдык керетөөлөргө чегерүү катары ;
- 2 млрд 309,7 млн сом - Социалдык фондго пенсия, жөлөкпул төлөө үчүн;
- 160,8 млн сом - жергиликтүү органдарга теңдөөчү трансферт катары;
- 2 млрд 48,3 млн сом - социалдык жардам жана камсыздандырууга;
- 240,1 млн сом - материалдык резервдер фондуна;
- 169,4 млн сом - азык-түлүк жана китептерди сатып алууга;

Пикир

Оставить комментарий