• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

ТИМ: Оренбург облусунан 2,5 миңге жакын кыргызстандык келе жатат

Коом 0

Бишкек, 05.08.20. /Кабар/. Оренбург облусунан Кыргыз Республикасынын жарандарын кайтарып алуу бир нече этаптык колонна менен жүргүзүлөт. бул тууралуу Тышкы иштер министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, Россиянын Оренбург облусунан Кыргызстандын жарандарын кайтаруу боюнча жүргүзүлгөн иштер Кыргызстандын жана Казакстандын тышкы иштер министрликтери тарабынан, Казакстандын аймагы боюнча кезектеги транзиттик коридорду берүү жөнүндө жетишилген сүйлөшүүлөрдүн натыйжасында ишке ашты.

Россиядан Кыргызстандын жарандарын кайтарып алуу бир нече этаптык автобустардын колоннасы менен жүргүзүлөт.

1 миң 101 КР жаранынан турган 20 автобустан турган колоннанын биринчи партиясы кечээ күну, 4-августта кечки убакытта казак-кыргыз чек арасынан өткөн, учурда ал Казакстандын аймагында Кыргызстанды карай келе жатканы маалым.

1 миң 356 КР жаранынан турган 23 автобустан турган колоннанын экинчи партиясы бүгүн, 5-августта Казахстан менен Россиянын чек арасынан өтүп, учурда ал Казакстандын аймагында Кыргызстанды карай келе жатканы маалым.

КР ТИМ Россиянын аймагындагы КР жарандарын, Россия менен Казакстандын мамлекеттик чек арасына, чек ара ачылганга чейин барбоого чакырат.

Ошондой эле Россия менен Казахстандын чек арасында кезектеги мекендештердин топтолуусун алдын алуу үчүн, Кыргызстанга Россиянын Москва, Новосибирск жана Екатеринбург шаарларынан уча турган чартердик каттамдардын санын көбөйтөт.

Пикир

Оставить комментарий