• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Сырттан импорттолуп кирген тирүү малдын ылаңын алдын алуу үчүн расмий түрдө карантиндик бекеттер ачылды

Коом 0

Бишкек, 02.08.21. /Кабар/. Бүгүн, 2-августа, сырттан импорттолуп кирген тирүү малдын ылаңын алдын алуу үчүн расмий түрдө карантиндик бекеттер ачылды. Бул тууралуу Айыл, суу чарба жана аймактарды өнүктүрүү министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, карантиндик бекеттердин ачылышына айыл, суу чарба жана аймактарды өнүктүрүү министри Аскарбек Жаныбеков жана министрликтин тиешелүү адистери катышты.

Республика боюнча импорттолгон тирүү мал жандыктары үчүн 4 карантиндик станция ишке кирди. Анын ичинен Чүй облусунун Панфилов карантиндик станциясы 800 башка, Сокулук жана Ысык-Ата карантиндик станциялары 600 башка, ал эми Талас карантиндик станциясы 300 башка ылайыкталган.

Карантиндик бекеттерде сырттан кирген тирүү малдар 2-3 күн кармалып, кан алынып, ылаңы текшерилет жана идентификациядан өткөрүлүп, кулактарына Кыргызстандын биркасы тагылат.

Карантиндик бекеттер жеке ишкерлер тарабынан кызмат көрсөтөт. Карантиндик бекеттер менен Кыргыз Республикасынын Айыл, суу чарба жана аймактарды өнүктүрүү министрлиги тыгыз иш алып барат жана көзөмөлдөйт.

Карантиндик бекеттерде турган асыл тукум малдарды фермерлер ордунан сатып алууга мүмкүнчүлүк түзүлдү.

Пикир

Оставить комментарий