• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

«Унаа» мамлекеттик мекемесинин кызматкерлери коронавируска каршы эмдөөдөн өтүүдө

COVID - 19 0

Бишкек, 02.08.21. /Кабар/. «Унаа» мамлекеттик мекемесинин кызматкерлери коронавируска каршы эмдөөдөн өтүүдө. Бул тууралуу Санариптик өнүктүрүү министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, аталган министрликтин алдындагы «Унаа» мамлекеттик ишканасынын кызматкерлери өз ишмердүүлүгүндө күн сайын кызмат көрсөтүү учурунда көп сандаган адамдар менен байланышта болушат. Кызматкерлерди жана мамлекеттик кызмат алууга келген жарандарды коргоо максатында «Унаа» мекемесинин аймактык өкүлчүлүктөрүндө коронавирус илдетине каршы эмдөө уланууда. Учурда мекеменин 90дон ашык кызматкери COVID-19га каршы эмделишти.

Жакында эле көчмө иммундаштыруу бригадасы Токмок шаарындагы «Унаа» МИнин Чүй-Кемин бөлүмүнүн кызматкерлерин эмдөөдөн өткөрүштү.

Буга катар эле, коронавирус инфекциясына каршы күрөшүүнүн алкагында, COVID-19га каршы антителолорду аныктоо үчүн «Унаа» мамлекеттик мекемесинин кызматкерлери тарабынан кан тапшыруу боюнча иштер жүрүп жатат. Кызмат алуучулар кабыл алынган жайлар жана кеңсе эмеректеринин беттери дайыма дезинфекцияланып турат.

Пикир

Оставить комментарий