• 88.39
  • 94.96
  • 0.97

Бишкекте троллейбустун катышуусундагы жол кырсыктарын алдын алуу талкууланды

Коом 0

Бишкек, 17.03.23. /Кабар/. Бишкек троллейбус башкармалыгы Транспорт департаменти жана Милициянын кайгуул кызматынын кызматкерлери менен биргеликте айдоочуларга жыйын өткөрдү.

Муниципалитеттен билдиришкендей, жыйындын максаты троллейбус айдоочуларынын катышуусундагы жол кырсыктарын алдын алуу жана азайтуу болуп саналат.

Кайгуул кызматкерлери жол кырсыгына кабылган жана жол чырактын тыюу салынган кызыл белгисинен өтүп кеткен айдоочуларга жеңилдик болбой турганын эскертишти.

Мындан тышкары, башкармалыктын жетекчилиги троллейбус айдоочуларына түшүндүрүү иштерин жүргүздү.

Пикир

Оставить комментарий