• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Төө-Ашуудагы тоннель маал-маалы менен жабылып турат. Себеби жана убактысы

Коом 0

Бишкек, 07.08.19. /Кабар/. Бишкек-Ош унаа жолундагы Төө-Ашуу ашуусундагы К. Көлбаев атындагы тоннель маал-маалы менен жабылып турат. Бул тууралуу Транспорт жана жолдор министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Министрликтен белгилешкендей, тоннель 8-августтан 5-сентябрга чейин маал-маалы менен жабылып турат.

"Сегизинчи августтан бешинчи сентябрга чейин Бишкек-Ош жолундагы К. Кѳлбаев атындагы тоннелде (Тѳѳ-Ашуу) желдетүү системасын оңдоо боюнча профилактикалык иштер жүрө тургандыгына байланыштуу унаа каражаттарынын тоннель аркылуу ѳтүшү атайын графикке ылайык жүргүзүлѳт", - деп айтылат маалыматта.

Министрликтен билдиришкендей, желдетүү системасын оңдоо жыл сайын пландуу түрдѳ жылдын ушул мезгилинде ѳткѳрүлѳт.

Тоннелдеги иштердин графиги:

- 08:00-09:30 – оңдоо иштери (тоннель жабык);

- 09:30-14:00 – Тоннель ачык;

- 14:00-15:30 – оңдоо иштери (тоннель жабык);

- 15:30-08:00 – Тоннель ачык;

"Ошондой эле тоннелдин ичиндеги жолдун оңдолушуна жана тоннелдин ички дубалдарынын жуула тургандыгына байланыштуу 8-августтан 5-сентябрга чейин жүк ташуучу унаалар үчүн тоннель күн жарык маалда 1 саатка жабык болот", - деп айтылат маалыматта.

Пикир

Оставить комментарий