• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Түлөбаев: Бишкекте өзгөчө абал киргенден бери жарандарга жардам берүү боюнча 7 багытта иш жүрдү

Коом 0

Бишкек, 03.05.20. /Адил Төлөгөнов – Кабар/. Бишкекте өзгөчө абал киргенден бери жарандарга жардам берүү боюнча 7 багытта иш жүрдү. Бул тууралуу Бишкек шаардык мэриясынын аппарат жетекчиси Балбак Түлөбаев билдирди.

Анын айтымында, бүгүнкү күнгө карата Бишкек шаарында 90 миңге жакын аз камсыз болгон үй-бүлөгө жардам көрсөтүлгөн.

"Өзгөчө абал киргизилгенден бери 7 багытта иш алып бардык. Биринчи багыт боюнча айтсак, өкмөт тарабынан 6 миң кап ун ар бир районго 1,5 миң каптан бөлүнгөн. Алардын баары таратылды. Экинчиси, шаардагы кайрымдуулук фонддору тарабынан 15 миңге жакын үй-бүлөгө жардам көрсөтүү убадаланган. Анын ичинен 10 миңге жакынына жардам таратылып бүттү. Калгандары Рамазан айында даректерине жеткирилет. Үчүнчүсү: жергиликтүү бюджеттин эсебинен социалдык коргоо кызматтарында каттоодо турган 17 миңге жакын үй-бүлөгө жардам берилди. Жардам көп балалуу энелер, пенсионерлер, Улуу Ата Мекендик согуштун ардагерлери жана башкаларга таратылды", - дейт ал.

Түлөбаевдин айтымында, бизнес өкүлдөрү тарабынан 22 миңге жакын үй-бүлөгө жардам көрсөтүлдү.

"Бешинчи багыт Бишкек шаарындагы жана Чүй облусундагы жаңы конуштарга, тактап айтканда, Ак-Жар, Ак-Ордо-1,2,3, Селекцияда жашаган үй-бүлөлөргө жардам берилди. Андан кийин борбордук штаб тарабынан Бишкек шаарына 1 миңге жакын баштыкча берилип, алар муктаж болгон үй-бүлөлөргө таратылды. Ошондой эле ички миграция боюнча шаарга келип (каттоосу башка жерде, иш жүзүндө) Бишкекте жашап жаткан 30 миң үй-бүлөгө 1 миң 208 сомдук азык-түлүк баштыгы берилди", - деди Түлөбаев.

Пикир

Оставить комментарий